7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Бейшеналиев: Беш жогорку окуу жайга өзгөчө статус берилет

909

Билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев Ишеналы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде республиканын жогорку окуу жайларынын ректорлору менен кеңешме өткөрдү.

Кеңешменин жүрүшүндө Алмазбек Бейшеналиев жогорку кесиптик билим берүүнүн деңгээлиндеги реформаларды ишке ашыруу жолдору, механимдери боюнча министрликтин позициясын билдирди.

Министрдин айтымында, Кыргызстандын жогорку окуу жайлары 5 жылдык ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгында Европа жана Борбордук Азия өлкөлөрүнүн жогорку окуу жайларынын рейтингинде алдыңкы орундарды ээлеши керек, бул үчүн 5 университеттин өзгөчө статусу бекитилет, аларга экономикалык жана өндүрүштүк эркиндик берилет, ошондой эле алар стандарттарды, абитуриенттерди кабыл алуу эрежелерин өз алдынча бекитүү, филиалдарды жөнөкөйлөштүрүлгөн жол менен ачуу жана башкаруу системасын өз алдынча өзгөртүү мүмкүнчүлүктөрүнө ээ болушат.

Инновациялык долбоорлордун толук жашоо циклин ишке ашыруу зарылдыгын айтып келип, министр: «Университеттер билим берүү багытын гана өнүктүрбөстөн, өз ишмердүүлүгүнө илимди, ишкердикти жана өндүрүштү, инновациялык долбоорлорду ишке ашырууну да камтышы керек», – деп белгиледи.

Ошону менен катар Бейшеналиев ресурстарды топтоо үчүн жогорку окуу жайларды ирилештирүү мерчемделип жатканын билдирди.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

910