Орусиянын Краснодар шаарында 22 жаштагы жигит таанышуудан баш тарткан кызды бетке урган. Бул тууралуу “Кубань 24” жазып чыкты.
Маалыматка ылайык, аялдамада турган кызга белгисиз жигит келип, таанышууга аракет кылган. Кыз сүйлөшүүнү каалабагандыктан, баш тарткан. Андан соң жигит чыканагы менен кызды бетке урган.
Жабырлануучу кыз арыз жазып, милицияга кайрылган. Милиция кызматкерлери камерадан кол салган адамдын өздүгүн аныктап, камакка алган. Шектүү мурда соттолгон. Ал күнөөсүн мойнуна алган.
«Шектүү эки жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн», — деп берилет маалыматта.