7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

УКМК: Мамлекеттик кызматкерлерде кош жарандуулуктун болушу жана жасалма диплом колдонуу боюнча текшерүү иштери уланууда

547

Мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлерде кош жарандуулуктун болушу жана жасалма диплом колдонуу фактылары боюнча текшерүү иштери уланууда. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

УКМК мамлекет башчысынын тапшырмасынын алкагында бардык деңгээлдеги мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлерди кош жарандуулукка жана жасалма диплом колдонууга каршы текшерүүнү улантууда.

Бүгүнкү күндө жасалма диплом колдонгон жана кош жарандыгы бар деген шек менен текшерүүнүн материалдары боюнча: ЖКнын 3 депутаты, ЖКнын 2 экс-депутаты, ЖКнын депутаттыгына 9 талапкер, 1 министр, Шаардык кеңештин 3 депутаты, 1 судья, 1 мурдагы судья, Эсеп палатасынын 2 кызматкери, прокуратуранын 1 кызматкери, ички иштер органдарынын 15 кызматкери, УКМК ЧКнын 2 кызматкери, Жазаларды аткаруу кызматынын 1 кызматкери, Мамлекеттик бажы кызматынын 1 кызматкери, Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын 6 кызматкери, Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин 6 кызматкери, Экономика жана коммерция министрлигинин 1 кызматкери, Транспорт министрлигинен 2 кызматкер, Айыл чарба министрлигинен 4 кызматкер, Санариптик өнүктүрүү министрлигинен 2 кызматкер, Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинен 2 кызматкер, ДИМКдан 1 кызматкер, саламаттыкты сактоодон 2 кызматкер, билим берүү тармагында 40 кызматкер, мамлекеттик кызмат жана ЖӨБ иштери боюнча мамлекеттик агенттиктен 1 кызматкер, Социалдык фонддун 3 кызматкери, «Кыргыз почтасы» мамлекеттик ишканасынын 1 кызматкери, «Кадастр» мамлекеттик мекемесинин 1 кызматкери, Мамлекеттик архивдин 1 кызматкери, банк тутумунан 2 кызматкер, 2 адвокат, 1 массалык маалымат каражаттарынын кызматкери, 6 муниципалдык кызматтын кызматкери, 2 дин өкүлдөрү, 1 президенттин облустагы ыйгарым укуктуу өкүлү, президенттин облустагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн 1 орун басары, президенттин облустагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын 2 кызматкери, 2 мэр, 1 экс-мэр, 2 вице-мэр, 1 шаардык кеӊештин кызматкери, мэриянын 8 кызматкери, РМАнын 1 жетекчиси, РМАнын 1 орун басары, 8 айыл аймагынын башчысы, 2 айыл өкмөт башчысынын орун басары, 18 айыл аймагынын кызматкери, 9 айылдык кеӊештин депутаты, башка персонал мекемелерден — 1.

Профессионалдык лицейде окубаган адамдарга дипломдорду мыйзамсыз берүү; колледжде мыйзамсыз окутуу жана диплом берүү; жогорку окуу жайлардын биринин дипломун мыйзамсыз берүү; чет өлкөлүк жарандарга орто билими тууралуу аттестаттын мыйзамсыз берилиши боюнча коррупциялык схемаларды уюштуруу фактылары да текшерилүүдө.
Мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер арасында жүргүзүлгөн түшүндүрүү иштеринин жыйынтыгы менен 40 адам өз каалоосу менен жумуштан кетип, 2 адам жергиликтүү кеңештин депутаттык мандатын тапшырышты. 28 мамлекеттик кызматкердин чет өлкөлүк жарандыгы бар-жоктугун текшерүүгө алынды.

Кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталган сотко чейинки өндүрүштүн алкагында 20 кылмыш иши тергелип, 52 материал боюнча тергөөгө чейинки текшерүүлөр, 141 материал боюнча алгачкы текшерүү иштери жүргүзүлүүдө. Текшерүү иш-чаралары бардык деңгээлдеги мамлекеттик кызматкерлерди кош жарандуулуктун болушу жана жасалма дипломдун колдонулушу боюнча текшерүү иштери аяктаганга чейин уланат.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

548