Бишкекте “Хизб-ут-Тахрир” диний экстремисттик уюмдун “аялдар канатынын” жашыруун ячейкасынын ишмердүүлүгүнө бөгөт коюлду. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, 1-апрелде Кылмыш-жаза кодексинин 331-беренесинде (“Экстремисттик уюмду түзүү жана каржылоо”) каралган кылмыштардын негизинде катталган сотко чейинки өндүрүштүн материалдарынын алкагында Биринчи май райондук сотунун тергөө судьясынын санкциясынын негизинде Кыргызстанда тыюу салынган “Хизб ут-Тахрир” уюмунун активдүү мүчөлөрү жашаган үйлөрдө тинтүү иш-чаралары жүргүзүлгөн.

Жүргүзүлгөн ыкчам иликтөө иштеринин жыйынтыгы боюнча 57 экстремисттик багыттагы диний адабияттар (“Ислам түзүмү”, “Хизб ут-Тахрирдин жайылуу нускасы”, “Халифалык мамлекеттин жихазы”, “Башкаруу жана идора”, Ислам экономика түзүм”, “Ислам нафсия негиздери”, “Аль-Ваи”, “Ислам мамлекети”), 15 экстремисттик баракча, 10 уюлдук телефон жана тогуз конспект табылып алынган.

Аталган диний экстремисттик уюмдун электрондук китептери жүктөлгөн мобилдик тиркемелерди жана смартфондорду колдонуу аркылуу да жүргүзүлгөн. Алынган материалдардын негизинде комплекстүү диний-лингвистикалык экспертиза дайындалды.

Учурда ыкчам иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.