«Өз үйүм» деп өзгөлөрдүн үйүнө квартиранттарды киргизип жүргөн жаран кармалды. Бул тууралуу Ош ШИИБден билдиришти.
Маалыматка караганда, ал жарандарга убактылуу жашаганга батир берип, акчаларын алдын ала алып, из жашырып кеткен. Анын 1996-жылы Өзгөн районунда туулган, убактылуу Ош шаарынын аймагында түрдүү даректерде жашап турган жаран экендиги аныкталган.
Тергөө иштеринин алгачкы жүрүшүндө маалым болгондой, ал адегенде бош квартираны таап, жакын арада акчасын берүүнү убадалап, бирок ал квартираны башка бирөөлөргө өзүнүн квартирасы катары өткөрүп берип, алдын ала бир нече айга квартира акчасын алып, изин жашырып кетип турган. Учурда бул адамдын үстүнөн 9 квартира берүүчү жарандар арыз менен кайрылышты. Жабыркагандардын эӊ азы эле алданып, 25 миӊ сом акча берген. Шектүүнүн үстүнөн алдамчылык боюнча кылмыш иши козголуп, ал 4-апрель күнү Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.