7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Март 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Ошто 15 жыл мурда жеке менчикке берилип кеткен оорукананын жер тилкеси мамлекетке кайтарылды

657

Ош шаардык прокуратурасы тарабынан социалдык багыттагы жерлер жана имараттар мыйзамсыз берилип кеткендиги боюнча текшерүү жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.

Текшерүүдө Ош шаарынын Ак-Тилек кичи районундагы Ош шаардык клиникалык ооруканасынын аймагында жайгашкан  баасы 12 миллион 450 миң сомду түзгөн жер тилкесин мэрия тарабынан 2007-жылы жаранга мыйзамсыз берилгендиги аныкталган.

Аталган социалдык жерди кайтаруу боюнча Ош шаардык прокуратурасы мыйзам бузууларды четтетүүнү жөнүндө мэрияга талап келтирип, жогоруда көрсөтүлгөн жер тилке муниципалдык менчиктин балансына алынды.

Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси (кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) беренеси менен кылмыш иши козголуп, тергөө жүргүзүлүүдө.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

658