7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Май 2022
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
3031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
Бишкек, KG
13°C

Садыр Жапаров Венгриянын премьер-министри менен эки тараптуу маселелерди талкуулады

255

Бүгүн, 5-апрелде президент Садыр Жапаров Венгриянын премьер-министри Виктор Орбан менен телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, сүйлөшүүдө кыргыз-венгер эки тараптуу мамилелеринин актуалдуу багыттары жана келечеги талкууланды.

Садыр Жапаров Виктор Орбанды жана «ФИДЕС» партиясынын лидерин 4-апрелде өткөн парламенттик шайлоодогу ишенимдүү жеңиши менен куттуктап, ага чоң ийгиликтерди каалады.

Баарлашуунун жүрүшүндө Садыр Жапаров алдыдагы мааракелүү дата — эки өлкөнүн ортосундагы дипломатиялык мамилелердин түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгын канааттануу менен белгилеп, учурдагы кыргыз-венгер мамилелерине жогору баа берди.

Ал Кыргызстан менен Венгриянын стратегиялык өнөктөштүгүн мындан ары биргелешип бекемдөөнүн маанилүүлүгүн белгиледи.

Өз кезегинде Виктор Орбан Садыр Жапаровго куттуктоосу үчүн ыраазычылык билдирип, кыргыз-венгер мамилелерин мындан ары эки тараптуу форматта да, көп тараптуу кызматташуунун алкагында да тереңдетүүгө даяр экенин билдирди.

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө Түрк мамлекеттеринин уюмунун алкагында кызматташууну бекемдөө маселесине өзгөчө көңүл бурулду.

Ошондой эле тараптар соода-экономикалык, транспорттук-логистикалык жана инвестициялык чөйрөлөрдө эки тараптуу кызматташтыкты активдештирүү боюнча системалуу иштерди улантууга өз ара кызыкдар экенин ырасташты.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.

256