Каракол шаарында унаа айдап качкан өспүрүм кармалды. Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБнын басма сөз кызматы билдирет.
Маалыматка ылайык, Каракол шаардык милициясына жергиликтүү тургун кайрылып, анда шаардын кафелеринин биринин короосунда токтоп турган «Honda Odyssey» үлгүсүндөгү автоунаасын белгисиз адам айдап качканын билдирген. Арыз ээсинин айтымында, ага 7 миң 500 долларды түзгөн материалдык чыгым келтирилген.
Аталган факты Кылмыштардын бирдиктүү реестерине катталып, Кылмыш-жаза кодексинин 211-беренесинин (“Автотранспорт каражаттарын айдап качуу) негизинде кылмыш иши козголгон.
Ыкчам иштердин натыйжасында автоунааны айдап качкан жаран кармалып, шектүү Каракол шаарынын 17 жаштагы А.Ж. аттуу тургуну болуп чыккан.
Шаардык соттун чечими менен шектүү ата-энесинин кароосуна калтырылып, учурда тергөө амалдары уланууда.