7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Бейшеналиев депутаттарды коронавируска каршы вакцина алууга чакырды

383

Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев депутаттарын коронавируска каршы вакцина алууга чакырды.

Министр Жогорку Кеңештин бүгүнкү жыйынынын жүрүшүндө депутаттын суроосуна жооп берип жатып, дүйнө жүзүндө, анын ичинде Кыргызстанда коронавирус күчөй баштагандыгын айтты.

«Бизде коронавируска каршы вакцина бар. Мен биринчилерден болуп кайрадан эмдөөдөн өттүм. Эл өкүлдөрүн да вакцина алууга чакырып кетем. Сасык тумоо, коронавирус жана башка ушул сыяктуу вирустук жугуштуу оорулардын алдын алуу үчүн сөзсүз эмдөөдөн өтүү керек», — деди министр.

Бейшеналиев өз сөзүндө учурда өлкө боюнча дарыгерлердин баары эмдөөдөн өтүп жатышкандыгын кошумчалады.

«Бирок ата-энелердин өздөрүнүн эмдөөдөн өтпөй жаткандыгы учурда чоң көйгөй болууда. Эл арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү багытында муфтият менен да тыгыз иш алып баруудабыз», — деди саламаттык сактоо министри.

384