Чолпон-Атадагы «Алтын балалык» ден соолукту чыңдоочу-реабилитациялык комплексинин директору Алымкадыр Бейшеналиев балдар менен эс алууга келип, чогуу таңкы көнүгүүлөрдү жасап, аларды мекенчилдикке жана сергек жашоого үндөп жүрөт. Бул тууралуу жеринен 7-каналдын кабарчысы билдирди.
Видеодон көргөндөй, экс министр Бейшеналиев көл жээгинде жайкы эс алуусун өткөрүп жүргөн өспүрүмдөр менен чогуу убакыт өткөрүп, аларга пайдалуу нерселерди үйрөтүүдө.