7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Ошто бейтаптардын телефондорун уурдап жүргөн жаран кармалды

818

Ошто ооруканаларда даарыланып жаткан бейтаптардын, медицина кызматкерлердин телефондорун уурдап жүргөн жаран кармалды. Бул тууралуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдири.

Маалыматка ылайык, бир нече телефондорду уурдоого шектелип 1984-жылы туулган Кара-Кулжа районунун тургуну М.Ш. кармалды. Шектүү өтө кылдаттык менен уурулук жасап, изин жашырып жүргөн.

Шектүүнүн үстүнөн жыл башынан бери 15 арыз түшкөн. Арыздануучулардын баары Оштогу облустар аралык жана Ош облустук балдардын ооруканасынын бейтаптары жана медициналык персоналдын өкүлдөрү болгон.

Тергөө иштеринен кийиин кылмышка шектүү жогорудагы аталган ооруканалардын палаталарына эртең менен саат 06.00 чамаларында кирип, бейтаптардын уктап жаткандыгынан пайдаланып кароосуз калган же заряддалып турган мобилдик телефондорун уурдап чыгып кетип турган. Бир нече ирет зарядда турган медицина кызматкерлерининин телефондорун дагы уурдап үлгүргөн.

Шектүү мурда уурулук жасагандары үчүн 4 жолу соттолгон. Учурда ал кармалып Ош шаарындагы №5 тергөө изоляторунда камалган.

Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

819