7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
252627282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Бекбосун Бөрүбашев: Казакстанда да, Азербайжанда дагы Садыр Жапаров жогорку деңгээлде кабыл алынды

295

КР Президентинин кеңешчиси, профессор Бекбосун Бөрүбашев: Президент Садыр Жапаровдун жакында Казакстанга жана ага улай Азербайжанга жасаган сапарлары абдан жогорку деңгээлде өттү, Астанада дагы, Бакы шаарында да ага бийик урмат-сый көрсөтүлдү, бул – Кыргызстанды жана кыргыз элин сыйлагандык. Эки сапар учурунда тең айкелдер ачылды, Астанада Манастын атчан эстелиги болсо, Бакыда – Чыңгыз Айтматовдун бюсту. Анын алдында Кыргызстан – Казакстандагы суу ташкынынан жапа чеккендерге бир нече кербен гумжардам жиберди, Азербайжанга болсо белекке мектеп куруп бермей болду.

Башка жаңылыктарга токтолсок, биз, жыйырмага жакын илимпоз-автор, жаңы Конституцияга, анын ар бир беренесине комментарий жаздык, кыргызчасы 800 беттен турган китеп болду, орусчасы андан азыраак – 750дөй бет. Бул – бир топ чоң илимий эмгек. Андан тышкары, мен «Улуттук идеология» деген китепче чыгардым, анда кыргыз элинин улуттук идеологиясынын негизги жоболору менен принциптерин коомчулукка ачып берүү менен алардын коомдук турмушка тийгизген таасирин көрсөтүүгө аракеттендим.

296