7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Март 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Бекер жерден кеп чыкпайт, бөөдө жерден от чыкпайт…

209

Акыркы кездеги Президенттик шайлоонун алдындагы жасалма түрдө көтөрүлүп жаткан саясий кампаниянын жанданышы коомчулукту тынчсыздандырып жатат. Анын себеби, айрым буга чейин бийликте жүрүп, саясаттын чоң чарыгын айлантып келген, депутат, аткаруу бийликтеринде, өкмөттүк эмес уюмдарда иштеп келген президенттикке талапкерлерди “кашкайган чындыкты” айтып чыга калганында эмес, эң башкысы алардын саясий “бет тырмоочтугу”, ал гана эмес президенттик шайлоодо фавориттик кылып жаткан Садыр Жапаровго “атака” коюшу, тек гана өздөрүнун “шукурный” кызыкчылыгынан кабар берет.


Канчалык кыйкырсак ошончолук чындыктын жаагын айрыбыз деген бу “эрлердин” позициясы биринчи кезекте элдин тагдырын ойлогондо эмес, баарынан мурда өзүнүн керт башын ойлогондуктан келип чыккандыгы бештен белгилүү.


Бу “хордо” үнү өзгөчө бийик чыккан талапкерлердин үйүрү бир нересени түшүнүп турат, түшүнгөнү өздөрүнүн эртеңки жарышта жеңилери. Эптеп эле ар тараптан арылдап Садыр Жапаровду тиштей берсек, анын шайын оодарып, шаштысын алабыз, күйөмандарынын быт-пырын чыгарабыз деген ою эч кандай суу кечпей турат. Буга окшогон уюшулма топтун аракети Садыр Жапаровдун кылын кыйшата албастыгы ачыктан ачык белгилүү. Тескерисинче, эл арасында антипатия жаратып жатат.

Биринчиден, каз катар тизилип пресс-конференция бергендердин баары эле акактай таза, алдым-жутуму жок, элди эрчитип кете турган кудуретке ээби? Буга чейин бул адамдарды элге күйүп, өлкөнү ушулар оңдойт, өлкөнү туңгуюктан алып чыгат, жашоону жыргал тарапка бурат деп эч ким деле айтпаса керек эле.


Тили буудай куруган Каныбек Иманалиевдин жүйөлөрү тек гана күлбөс кызды деле күлдүрөт го, ал Садырга эмне аргументтер менен оппозиция болгону жатат. Эмне деген чындыкка жакыныраак сөздөрү менен өзүн көрсөткүсү келет. «Ысык-Көлдүк аксакалдар, бу тентек балаңыздарды кайра көлгө алып кеткиле!» дегени не деген сөз. Садырыңар болгону физкультурный иниститутту бүтүптүр, ал президент болууга жарабайт деп” бүтүм чыгарууга ким ага укук берди. Бул таптакыр эле абсурд.
Мейли, Каныбек мырзанын логикасына таянсак, Питерден окуп, илимди семичкедей чаккан, академик-президент Аскар Акаев эмне кылды? Ушу Каныбек мырза анын пресс-катчысы болуп, коюн-колтугунда жүрбөдү беле? Кыргызстандын нака геморроюун силер, чилистен президентиң Акаев экөөңөр калтырып кетпедиңерби?
Кылымдын аферасы Кумтор кимдин колу менен жайланды, кыргыздын алтыны текейден арзан кимдин доорунда сатылды, кимдин доорунда Кыргызстан тышкы карызга белчесинен батты, кимдин доорунда завод-фабрикалар талкаланып, текейден арзанга сатылды?


Эл тентип, эл безип, жер безип кимдин тушунда итке минди эле?… Урматтуу Каныбек мырза? Буга да Садырдын диплому күнөөлүбү?.. Канча жерлерибизден айрылдык?! Кыргызга ким көп зыян алып келди? Сиздин жогорку билимдүү, бийик интеллектуал патронуңуз эмес беле?.. Приватизация, ПЕСАК, жапайы капитализм кыргыздын кулагынан күн чыгарып, жонунан кайыш тийгени бу эмне? Каралоонун аргументи адамдык кадыр-баркка эч качан көлкө түшүрбө керек. Кайсы морал, кайсы ыйманды тутунуп жатасыз?


Азыркы саясаттын селинде кечеги демокарттар дагы да болсо эски ырын ырдап, бириге калып, үйүлө калып, бийик материядан сүйлөгөнү менен алар эбак эле Ковид 19га чейин эле маскаларын чечип салганы, ал эми бул илдет кимдин ким экендигин ачык көрсөттү.


30 жыл аралыгындагы жеткен ийгилигибиз, эл деп соккон жүрөгүбүз, элге күйгөн ашкере патриоттугубуз бизди эски тепшиге саара кылдыртып, кулагыбыздан күн көрүндү. Ким күнөөлүү? Күнөөлүү барбы?.. Бакиев Акаевди, Атамбаев Бакиевди, кийинкилер баары чогулуп келип Жапаровду күнөөгө жыккыдай, ал эмне жердин тукасын кармап келди беле?

Силер урматтуу өлкө башчысы болом деп шерденгендер ар бириңдин артыңарда калдырган “бубендериңер” бар… Эми, аксынган, алчы таасын жеген Конституциянын атасы, “кыргыздын джефферсону” Текебаевдин кылган иштери эмне? Алдыңкы кылган туяктарынын “ишмердүүлүгүн” арткы эки туягы шыпыргыдай шыпырып койду беле?! Бекер жерден кеп чыкпайт, бөөдө жерден от чыкпайт… Ал – тазамын дейт. Полиграфтан өтөм дейт, Кудайдын абийир сотунан өтө алабы?!
30 жылга созулган “демократиянын дарбазасы” эчен жерден тешилди, үч жолу бийлик төңкөрүш, эки жолу кан төгүү болду. Ага ким жооп берет? Жооп бере турган адам барбы өзү?.. 30 жылдык саясий “проктология” бизди ушул күнгө алып келди.
Ойлонгула, мырзалар!

Президенттик шайлоолордун тарыхын ким билбейт?!


Акаев совет доору кулап, постсоветтик мамлекеттер ар тарапка ыдырай баштаганда, жок жерден чыга калып, Айтматовдун жөлөгү менен президент болду, Бакиев элдик толкун менен, элдик нааразычылыктын шары менен келди, Атамбаев кырчындай жаш жигитердин өмүрү менен келди, булардын бирөөсүн да он миңдеген эл “Акаев, Бакиев, Атамбаев!” деп аянтта үнү бүткүчө кыйкырып атып бийликке алып келген эмес?.. Кандай келишсе ошондой кетти. Ортодо эл калды, баягы эле итке минген бойдон, баягы эле сынык тепши менен…

Элдин 30 жылдык тагдыры уурдалды. Саясий коррупция — өлкөнүн эң башкы оорусунун диагнозу ушул.


Эл бүгүн өзгөрүүнү каалайт. Эл өзгөрүүнү талап кылып турат.


Англиянын Премьер-министри Маргерет Тэтчер кезегинде “Кайсы бийлик болбосун, кайсы түзүлүш болбосун, кайсы конституция, монархиялык башкаруу болбосун, эли бактылуу, ток, туруктуу жашаган өлкө баарынан бийик турат” деген. Сөз эмес бекен.
Кана эми, силер жазган конституция идеалдуу болсо, ал таптакыр эле өзгөрүүгө жатпай турган болсо, анда эмне эл текей терип, кедейликтин чеңгелинде калып, өлкө карыз сазына батып, мукурап турат? Элге иштебеген, бир ууч саясий олигархтардын кызыкчылыгына гана иштеген конституция менен келечекке карай ишенимдүү бара алабызбы?!.. Жок. Аны мезгил көрсөттү. Аны эл өз тагдырынан өткөрдү. Дагы эмне керек?.. Дагы канчага чейин эл чыдайт. Элге саясий экспериментти жасаганды токтотолу.


Элдин бийликке болгон апатиясы өзүнүн пигине жетти.
Садыр Жапаров азыр элдин мүдөөсүнүн, жүрөк толтоосунун так уюлунда турган инсан. Аны өзүңөр деле сезип турасыңар. Чөөлөр коркунучка жалгыз жалгыздап келбейт, үйүрү менен келет. Бирок, эл бул сапар өзүнүн көкүрөк ишенимин чөөлөрдүн уюгуна салып бербейт.


Эл өз келечегин, үмүн, тилегин Садыр Жапаров менен, ушул ысым менен байланыштырып турат. Буга чейин элдин тагдырын уурдап келсеңер, эми элдин үмүтүн, тилегин уурдайм деп таптакыр ойлобогула!


Садыр Жапаров – элдин үмүтү.
Садыр Жапаров — элдин ишеними.


Улан Ниязбек

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

210