Бишкек шаарындагы жаңы конуштан маркум Бекжан Темирхандын ата-энесине алынган үйдүн сүрөтү менен КРнын эмгек сиңирген артисти Сыймык Бейшекеев бөлүштү.
«Бекжандын ата-эне бир туугандарына Бишкек шаарына караштуу жаңы конуштан ушул үй буйруган экен. Бүгүн баштапкы төлөмүн (задаток) бердик. Дүйшөмбү күнү буйруса толук акчасын берип үйдү атасынын атына каттатып, керектүү кээ бир эмеректерин алабыз. Кышта жагууга көмүр отунун камдап берип, көчүрүп киргизип түлөө берип Бекжанга куран окутабыз. Толук маалыматты ошондо беребиз. Буйруса, баардык колдоо кылган мекендештерибизге алкыш айтабыз. Айкөл элден айлансак аздык кылат, баарыңыздарга Бекжандын арбагы ыраазы болсун»,- деп жазган.