Белгилүү футболчу Диего Марадона 60 жашында көз жумду. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, 30-октябрда атактуу футболчу медициналык кароодон өтүү үчүн ооруканага жаткырылып, кийинчерээк анын мээсине операция жасалгандыгы жарыяланган. 12-ноябрда ал ооруканадан чыгарылган.
Марадона 1986-жылы өткөн Дүйнөлүк Кубокто Аргентинанын каарманы катары белгилүү болгон, анда чейрек финалда Англиянын дарбазасына эки гол киргизген.