Белгилүү хирург, профессор, Кыргыз ССРинин эмгек сиңирген дарыгери, КРнын Баатыры Эрнст Акрамов 89 жашында дүйнө салды.
Медицина илимдеринин доктору өмүрүнүн аягына чейин Чүй облустук ооруканасынын хирургия бөлүмүн жетектеген.
Акрамов 1936-жылы Бишкек шаарында туулган. Кыргыз мамлекеттик медициналык институтун бүтүргөн. 130дан ашык илимий эмгектин, 4 монографиянын жана 2 ойлоп табуунун автору.
Эрнст Хашимовичтин үй-бүлөсүнө жана жакындарына көңүл айтабыз.