7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Декабрь 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
3031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

«Береке» базарын мыйзамсыз тартып алган УКТ менен байланышы бар жаран кармалды

263

Рейдерлик боюнча жарандын кайрылуусунун натыйжасында УКТ менен тыгыз байланышы бар жаран кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдирди.

Бокс боюнча эмгек сиңирген спорт чебери жана бокс боюнча улуттук курама команданын улук машыктыруучусу Н.Ж. аттуу жарандын кайрылуусун кароонун алкагында, «Дордой» соода-базар комплексинин аймагында рейдерлик жол менен басып алуу менен алектенген Ы.М. аттуу жаран кармалды.

Тактап айтканда, Н.Ж. аттуу жаран 2010-жылы насыя алып, тендердин жыйынтыгы менен курулуш базарын уюштуруу үчүн «Жунхай» базарынын жанындагы 8,5 сотых жер тилкени сатып алган. Кармалган жаран  уюшкан кылмыштуу топ менен тыгыз байланышта болуп, алдоо жолу менен ишенимге кирип, укук белгилөөчү документтерди алып, уюшкан кылмыштуу топтун колдоосунан пайдаланып, «Береке» базарын Н.Ж. аттуу жарандан мыйзамсыз тартып алган. Ошондой эле ал, криминалдык авторитет менен туугандык байланышы бар экендигин айтып ар дайым коркутуп келген.

Ал эми Н.Ж. насыя боюнча пайыздарды төлөй албай, турак-жайынан ажырап, толук кандуу жашоо үчүн дээрлик каражаты жана мүмкүнчүлүгү жок калган. Мындан улам, мүлктү мыйзамсыз тартып алуу фактысы боюнча укук коргоо органдарына кайрылып, бирок эч кандай жыйынтык болгон эмес. Чогултулган материалдардын негизинде көрүлгөн чаралардын натыйжасында Ы.М. УКМКнын тергөө абагына камакка алынды.

Учурда аталган фактыларга тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча тергөө-ыкчам иш-чаралар жүргүзүлүүдө.

 

 

 

 

264