Легендарлуу парламенттин депутаты, Нарын облусунун ардактуу атуулу Дөөлөтбек Берикбаев:
Өлкө жетекчилигинин чек араны чечүү боюнча жүргүзүп жаткан саясатын баарыбыз колдошубуз керек
— Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы чек ара маселеси көп жылдан бери чечилбей келди. Кыргыз эли толук түшүнөт, эмне деген чыр-чатак, зыяндар болбоду, канча деген азаматтарыбыздан айрылдык, канча турак-жай, мамлекеттик имараттар талкаланды. Мунун баары кыргыз элинин көңүлүндө сакталуу. Ага карабай президентибиз Садыр Жапаров менен генерал Камчыбек Ташиев токтоолук, сабырдуулук, керек болсо кечиримдүүлүк менен дипломатиялык талаптардын негизинде, чыр-чатагы жок, ынтымакта чек араны чечүүгө иш жургүзүшүп келишет. Ал эми тажик тараптан ар кандай билдирүүлөр айтылып, улам башкача талаптар коюлуп келе жатканына да күбөбүз. Бирок баарыбыз, кыргыз эли, кыргыз бийлиги сабырдуулук кылуудабыз.
Жакында Камчыбек Ташиев жаңы документтер табылганын, ага ылайык Тажикстан тескерисинче биздин бир катар жерлерди ээлеп алганын айтты. Ал документти Кыргыз мамлекетинин кызыкчылыгы үчүн чек араны чечүүдө сөзсүз пайдаланышыбыз керек. Себеби мындай талаш-тартыштуу чек ара маселесин чечүүдө ар бир мамлекет өзүнүн документтерин көрсөтүшөт. Ата-бабаларыбыз керек болсо өз аймагын далилдеш үчүн ата-бабалардын сөөгү коюлган көрүстөндөрдү, дагы башка нерселерди да пайдаланышкан.
Бирок бир нерсени түшүнүү керек — Камчыбек Ташиев эгер Тажикстан доомат койгонун токтотпосо, биз да жооп катары доомат кое алаарыбызды айтып жатат. Ал документти бүгүн көтөрүп чыгып эле шарт коебуз деген жок. Албетте, чек ара маселеси өтө акылдуулук, сабырдуулук менен чечилчү маселе. Кыргыз мамлекетинин жетекчилигинин чек араны чечүү боюнча жүргүзүп жаткан саясатын баарыбыз колдошубуз керек жана колдоого чакырам!
sayasat.kg