7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Берлиндеги Нооруз майрамы: «Сүмөлөктүн даамы Кыргызстанды эске салды»

437

Кыргызстандын Германиядагы элчилигинде жаздын символу болгон Нооруз майрамы салтанаттуу белгиленди. Ага Германиянын ар кайсы федералдык аймактарынан келген кыргыз диаспорасынын өкүлдөрү катышты.

Элчиликтин басма сөз кызматы билдиргендей, иш-чаранын башында Кыргызстандын Германиядагы элчиси Өмүрбек Текебаев куттуктоо сөзүн сүйлөп, бакубаттуулуктун, тынчтыктын жана биримдиктин символу болгон Нооруз майрамынын маанилүүлүгүн белгилеп, кыргыз диаспорасынын өкүлдөрүн Германия жергесинде мындай улуттук майрамды белгилөөнүн жакшы салтын уланта берүүгө чакырды.

Элчи Нооруздун урматына Германиядагы кыргызстандыктардын бир катар коомдук уюмдарына ийгиликтүү иштери үчүн элчиликтин ыраазычылык баракчаларын тапшырды.

Иш-чаранын жүрүшүндө конокторго атайын даярдалган майрамдык программа тартууланды.

«Улуттук кыргыз кийимдерин жана элечек кийген кыргыз аткаруучулары тарабынан тартууланган элдик «Аластоо» жөрөлгөсү иш-чарага катышкан германиялык жарандардын өзгөчө кызыгуусун жаратты. Келген конокторго кыргыздын улуттук ашканасынын тамактары коюлган майрамдык дасторкон жайылды. Элдик салтты улап, Нооруз майрамынын урматына элчилик тарабынан майрамдык сүмөлөк жасалып, анын даамы мекенибиз Кыргызстанды эске салды«, — деп айтылат маалыматта.

Кыргызстандагы туризмди жана кыргыз маданиятын жайылтуу максатында «Ысык-Көлдүн түштүк жээги Этномаданий туристтик дестинация» коомдук уюмунун жетекчиси Жылдыз Асанакунова жибектен, кийизден жасалган жана сайма сайылган кыргыздын улуттук буюмдарынын көргөзмөсүн уюштурду. Көргөзмө коноктордун көңүлүн буруп, кыргыз маданиятын Германияда таанытууга салым кошту. Жыйынтыгында Кыргызстан тууралуу кыскача туристтик фильм көрсөтүлдү.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

438