7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Беш жашар кызын чыбык менен сабаган киши тил каттын негизинде бошотулган

292

Буга чейин соцтармакта өз атасы беш жашар кызын сабап жаткан видео тараган. Анда кыздын апасы милицияга кайрылып, окуя 14-ноябрда болгонун, соцтармактарга 3-декабрда таркап кеткенин айткан.

Кызын чыбык менен сабаган киши эч жакка кетпөө тил катынын негизинде бошотулганын Акыйкатчы институтунан билдиришти.

Акыйкатчынын Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгү кыздан, анын апасы жана бир туугандарынан кабар алды. Кыздын апасынын айтымында, жолдошу ичип келип, секелек кызды чыбык менен чаап, видеого тартып, сыртка качып кеткен апасына жөнөткөн.

“Кызын сабап, видеого тартып алган 41 жаштагы жаран “Баланы тарбиялоо боюнча милдеттерди аткарбоо” беренеси менен кармалып, тергөө иштери жүрүүдө. Ноокен райондук ички иштер бөлүмүнүн тергөө кызматынын тергөөчүсүнүн токтомунун негизинде 5-декабрь күнү 41 жаштагы К.Т. эч жакка кетпөө тил каты менен бошотулган”, — деп жазылган билдирүүдө.

Акыйкатчы балдарга карата жасалган кылмыш оорлоштурулган болуп саналарын эске салып, мамлекеттик органдарды балдардын коопсуздугун камсыздоого чакырат.

293