Бычакталып ооруканага түшкөн аял мурда күйөөсүнө каршы эки жолу арыз жазган. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынан билдиришти.
Маалыматка караганда, шектүү менен жабырлануучу ажырашкан. 36 жаштагы жабырлануучу аял биринчи жолу 2022-жылдын сентябрында милицияга арыз менен кайрылып, мурдагы жолдошу Э.А. 31-августта Селекция айылында кармап алып, күч колдонуп зордуктаганын билдирген.
Бул факты боюнча 2022-жылы кылмыш иши козголган. Окуяга шектүү делген жаран кармалып, айыбы угузулуп, бөгөт чарасы камакка алуу түрү тандалып, соттук кароого жөнөтүлгөн. Соттук кароодо жабырлануучу тосмо арыз менен кайрылганына байланыштуу кылмыш иши сотто кыскартылган. Аял 2023-жылдын 31-январында экинчи ирет милицияга арыз жазып, үйүндө күч колдонуп зордуктаган мурдагы жолдошуна карата чара көрүүнү өтүнгөн.
Аталган факт боюнча шектүү кармалып, кылмыш иши Сокулук райондук сотуна соттук кароого жөнөтүлгөн. Сокулук райондук соту шектүүгө пробациялык көзөмөлгө алуу боюнча өкүм чыгарган. Ал өкүмгө наарызы болгон айыпталуучу Чүй облустук сотко даттанган. Учурда ал кылмыш иши боюнча соттук кароо жүрүп жатат.
Белгилей кетсек, жабырлануучу аялга дарыгерлер дээрлик 8 сааттай операция жасашты. Учурда абалы орточо оор деп бааланууда.