Бир суткада дагы 1 миң 169 адамдан коронавирус илдети аныкталды. Бул тууралуу саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министринин орун басары Жалалидин Рахматулаев брифинг учурунда билдирди.
Анын айтымында, Бишкек шаарында – 760, Ош шаарында – 13, Чүй облусунда – 132, Ош облусунда – 31, Талас облусунда – 12, Нарын облусунда – 17, Ысык-Көл облусунда – 52, Жалал-Абад облусунда – 76, Баткен облусунда – 76 адамдан илдет табылган.
Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 153 миң 878 адам илдетке чалдыккан. Алардын ичинен 130 миң 742 киши айыгып чыкса, 2 миң 217 адам каза болду.