Бүгүндөн тарта Бишкек — Балыкчы — Бишкек каттамы боюнча поезд каттай баштады. Бул тууралуу «Кыргыз темир жолу» мамлекеттик ишканасынан билдирди.
Маалыматка ылайык, аталган каттам боюнча поезд эс алуу мезгили аяктаганга чейин каттайт.
«Коронавируска каршы чектөөлөрдү сактоо үчүн жүргүнчүлөргө сөзсүз беткап тагынып саякаттоого уруксат берилет жана кол кап кийүү сунушталат. Поездде вагондордун ортосунда жүргүнчүлөрдүн кыймылына тыюу салынган», — деп берилет маалыматта.
Белгилей кетсек, билет баасы — 5 жаштан 10 жашка чейинкилерге — 34 сомдон, 10 жаш жана андан улууларга — 69 сом. Ал эми 5 жашка чейинки балдарга акысыз.