Билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев Ош областына болгон иш сапарынын алкагында Араван районундагы Т. Бекенов атындагы орто мектептин педагогикалык жамааты менен жолукту. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматты билдирди.
«Жолугушуу эркин форматта болуп, катышуучулар билим берүү тармагындагы көйгөйлүү маселелерди ачык талкуулашты. Орто мектеп авариялык абалда, Алмазбек Бейшеналиев маселенин орчундуу экенин баса белгилеп, бир райондогу бир объектти бүтүрүү тизмесине коштурууну тапшырды. Иш сапарынын алкагында министр Аравандагы №12 кесиптик лицейге, “Гүлбаар” балдар бакчасына да баш багып, алардын абалы менен таанышып чыкты. Ошондой эле, Билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев Ош шаарындагы бир канча мектептерди күтүүсүз текшерди,»-деп айтылат маалыматта.