7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Март 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Билим берүүнүн сапаты. Бул жылы артыкчылык аттестатын алган бүтүрүүчүлөрдүн саны кыйла аз

422

Быйыл 80 бүтүрүүчү артыкчылык аттестатына ээ болот. «Алтын Тамга» сынагына өлкө боюнча жалпысынан 2232 талапкер катышкан. Аталган маалымат Билим берүү жана илим министрлигинин сайтына жарыяланды.

Артыкчылык аттестатын алгандардын көбү Бишкек шаарындагы мектептердин бүтүрүүчүлөрү. Алардын саны — 37.

Баткен облусу — 3 окуучу
Бишкек шаары — 37 окуучу
Жалал-Абад облусу — 11 окуучу
Нарын облусу — 1 окуучу
Ош шаары — 3 окуучу
Ош облусу — 15 окуучу
Талас облусу — 3 окуучу
Чүй облусу — 1 окуучу
Ысык-Көл облусу — 6 окуучу

Борбор каалада жана облустук билим берүү борборлорунда мектеп бүтүрүүчүлөрү үчүн “Алтын тамга” жыйынтыктоочу мамлекеттик аттестациясы 31-майда өткөн.

Анда 2232 бүтүрүүчү ат салышып, алардын 1388и окутуу кыргыз тилинде, 803ү орус тилинде жана 38и өзбек тилинде өтүүчү мектептердин окуучулары экени айтылган.
Өткөн жылы 1,4 миңдей окуучу «Алтын тамга» сынагына катышып, 511и артыкчылык аттестатын алган.

«Алтын тамга» тести 11-классты жалаң «5» деген баа менен аяктап, мыкты жыйынтык көрсөтүп келген окуучулардын билим деңгээлин баалоо үчүн уюштурулат. Жеңүүчүлөргө сыйлык жана артыкчылык күбөлүгү тапшырылат. 2019-жылы 181, 2020-жылы 234 бүтүрүүчү артыкчылык аттестатын алган.

Быйыл Кыргызстан боюнча 68 миң окуучу мектепти аяктады. Ал эми 9-класстын 106 миңден көп бүтүрүүчүсү бар.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

423