Президент Садыр Жапаров КРнын президентине караштуу Билим берүүнү жана жаштарды колдоо фонду жөнүндө жарлыкка кол койду. Бул тууралуу президентттин басма сөз кызматы билдирди.
Жарлыкка ылайык, «Билим берүү фонду» «Билим берүүнү жана жаштарды колдоо фонду» болуп кайра түзүлөт.
Ошондой эле, президентке караштуу Билим берүүнү жана жаштарды колдоо маселелери боюнча комиссия түзүлдү.