7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Январь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Бир адамдын баасы канча? Депутат «Baby box» киргизүүнү сунуштады

416

Жогорку Кеңештин Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында депутат Эльвира Сурабалдиева ташталган ымыркайлар боюнча «Baby box» маселесин көтөрдү.

«Дагы бир 20 жаштагы кыз ымыркайын таштап кетти. Өткөн чакырылышта эле мен өкмөттөн суранып, «Baby box» киргизбейлиби дегем. Мага акча көп кетет дешкен. Кыргызстандын бир жаранынын жашоосунун баркы барбы? Бир адамдын баасы канча?»- деди ал.

Ал эми, Эмгек, социалдык коргоо жана миграция министри Гүлнара Баатырова адам өмүрү акча менен бааланбайт деп жооп берген. Ал бул сунушту колдогон.

417