7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
27282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Бир үйдөн үч киши каза болуп, экөө жандандыруу бөлүмүндө

729

Ташкенттин Үчтепа районунда бир үй-бүлөдөн беш киши эс-учун жоготкон абалда табылган. Алардын үчөө каза болгон. Бул тууралуу Өзбекстандын Башкы прокуратурасы билдиргенин чет элдик ЖМКлар жазышууда.

Окуя 16-январь күнү кечке жуук болгон. Тергөө тобу окуя болгон жерде 36 жаштагы эне менен 3 жаштагы кыз каза болгонун аныкташкан. Бир суткадан кийин медициналык тез жардам көрсөтүлгөнүнө карабай, үй-бүлөнүн 39 жаштагы мүчөсү көз жумган.

«12 жаштагы жана 8 айлык эки кыз жандандыруу бөлүмүнө жаткырылды. Окуя болгон жерден ар кандай дары-дармектер, ошондой эле үй-бүлө жеген тамак-аштар алынды. Азыр экспертиза дайындалды. Так корутунду чыккандан кийин үй-бүлө мүчөлөрү эмне себептен каза болгону белгилүү болот»,- деп берилет маалыматта.

Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.

730