7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Бирөөнүн батирин башкаларга берип, акчасын алып из жашырып жүргөн жаран кармалды

580

Ошто жаран бирөөнүн батирин алып, кайрадан аны бир нече адамдарга батирге берип акчасын алып изин жашырып жүргөн шектүү кармалды. Бул тууралуу Ош ШИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, издөөдө жүргөн Жалал-Абад облусунун Сузак районунун тургуну, 1991-жылы туулган П.А. Бишкек шаарынан кармалды. Ал жарандарга убактылуу жашап турууга батир берүүнү убадалап, алдын-ала акчасын алып, изин жашырып качып жүргөн.

Алсак, Ош шаарындагы окуу жайлардын биринде окуган кыз инстаграммдан «кыздарга батир берилет» деген жарыядан улам, аталган шектүү менен жолугушуп, алдын ала 6800 сом акча берген. Шектүү ал кызга 4 күндөн кийин келип жашай берсе болоорун айтып, 4 күн аралыгында дагы бир нече жарандарды ушундай жол менен алдап үлгүргөн.

Шектүү жарандарга көрсөткөн батирди өзү убактылуу батирге (квартирант катары) алып, өзүнүн менчиги катары батир сурап келгендерге көрсөтүп, алдын ала акчасын алып турган. Бүгүнкү күндө бул шектүүнүн үстүнөн 7 арыз келип түшкөн.

Шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилип, ага алдамчылык беренеси боюнча иш козголуп, тергөө иштери уланууда.

«Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын Ак-Буура милиция бөлүмүнүн кылмыш иликтөө бөлүмчөсү бул жарандан жабыр тарткандар болсо 102 же 0777-59-59-59 номерлери аркылуу кайрылып коюуну суранат. Ал жыл башынан бери ош шаарында ушундай жол менен элди алдаганга шектүү катары кармалган экинчи жаран. Ошондуктан убактылуу батирге муктаж адамдардан батир алууда өтө этият болууга, алдын ала акча берүүдө ошол батирдин ээси ким экендигин толук тактап алууга чакырабыз»,-деп берилет билдирүүдө.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

581