27-январдан 2-февралга чейин алдын ала маалымат боюнча, 25 миң 87 жол эрежелерин бузуу фактылары аныкталды.
Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришкендей, анын ичинен:
— тийиштүү документтери жок транспорт каражаттарын башкаруу-664;
— мас абалында авто таранспорт каражатын башкаруу -309;
— авто унаанын терезелерин мыйзамсыз караңгылатуу-81;
— жөө жүргүнчүлөр катышкан жол эреже бузуулар-1 686;
— транспорт каражаттарынын эксплуатациялоо эрежелерин бузуу-4 384;
— авто ээнбаштык -68;
— белгиленген ылдамдыктан ашуу- 4 042;
— жалган мамлекттик номуру менен унаа башкаруу — 6;
— башка жол эрежелерин бузуу фактылары –11 298;
Ошондой эле ар кандай жол эрежелерин бузгандыгы үчүн 2 549 авто унаа убактылуу токтотуучу айып короо жайына токтотулган.
ЖКККББ айдоочулардан жол кыймылынын коопсуздугунун эрежелерин так сактоого чакырат.