7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Январь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Бирдиктүү паспорту жок 2 курулуш объекттин иши текшерилүүдө

9

Курулуш тармагындагы мыйзам талаптарынын сакталышын, курулуш иштеринин сапатын жана коопсуздугун көзөмөлдөө максатында жүргүзүлүп жаткан рейддик иш-чаралардын алкагында бирдиктүү паспорту жок бир катар объектилер аныкталды.

Бүгүн, 24-январда, Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу Мамлекеттик архитектуралык-курулуш көзөмөл департаментинин Бишкек шаардык башкармалыгы тарабынан реестрге катталбаган жана курулуш объектилеринде бирдиктүү паспорт илинбеген бир катар курулуштар аныкталды.

Текшерүү учурунда төмөнкү объектилерде паспорт жок экени белгилүү болду:
-Анкара көчөсү 1/7
-Токмок көчөсү 156 жана 37
Натыйжада курулуш иштерин жүргүзүп жаткан “Левел”, “Ай-Групп” жана “А-Плюс” ЖЧКларына карата тиешелүү административдик чаралар көрүлүп, текшерүү иштери улантылууда.

Маалымат үчүн:
Бирдиктүү паспорт — бул курулуш объектисинин мыйзамдуулугун QR-код аркылуу тастыктап, объект тууралуу бардык тиешелүү маалыматтарды камтыган документ. Паспорт атайын белгиленген өлчөмдө жана бирдей форматта даярдалып, өлкө аймагындагы ар бир курулуш объектисинин сыртында илиниши шарт.

10