Мээрим Жуманазарова быйылкы жараткан ийгиликтери үчүн Бириккен күрөш дүйнөсүнөн (UWW) 7 миң доллар сыйлык алат. Бул тууралуу уюмдун сайтында жазылды.
Маалыматка ылайык, Эл аралык спорттук уюм бул жылдын жыйынтыгын чыгарды. Дүйнөлүк рейтингдеги алдыңкы үчтүккө кирген спортчуларга эми жыл сайын акчалай сыйлык берилип турат.
Рейтингде биринчиде турган спортчуга 10 миң доллар, экинчиге жети миң, ал эми үчүнчү сапта турганга үч миң доллар сый акы каралган.
Жуманазарова быйыл төрт ири мелдешке катышып, 114 упай топтоо менен дүйнөлүк рейтингде экинчи орунга жайгашкан.
- Азия чемпиону болгондо 18,
- Польшадагы чемпионатта коло алганда 12,
- Олимпиада оюндарында үчүнчү орунду багындырганда 26 упай,
- Ослодо дүйнө чемпионатын жеңгенде 58 упай топтой алды
Белгилей кетсек, кечээ, Мээрим «Гран-при Москва — АЛРОСА кубогу» мелдешиндеги атаандашы Ханум Велиеваны 3:2 эсеби менен утуп алды.