7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Биринчи айым Айгүл Жапарова: Тоолор – биздин күчүбүз

347

Биринчи айым Айгүл Жапарова: Быйыл бир эмес, эки кыргызстандык айым дүйнөнүн эң бийик чокусу – Эверестти багындырышты. Мындай бийиктикке чыгуу – жөн гана жетишкендик эмес, бул күчтү, эркти жана ишенимди талап кылган чыныгы чакырык.

Биз Эверестке чыккан жокпуз, бирок акыркы күндөрү Көл-Суу, Көл-Төр жана Соң-Көлгө барып келдик.

Тоолорубуздун арасында болгон сайын мен табияттын күчүн гана эмес, жан дүйнөнүн толуктугун, шыктанууну сезем.

Кыргызстандын аймагынын 94%га жакынын тоолор ээлейт жана алар биздин иденттүүлүгүбүздүн ажырагыс бөлүгү. Кыргыз аялы катары мен бул байланышты өзгөчө сезем.

Тоолор – бул жөн гана жаратылыш эмес, бул биздин күчүбүз. Ар бириңиздерди тоолорго бат-баттан барууга чакырам: алардын энергиясын сезип, асманды чагылдырган көлдөрдү көрүп, Кыргызстаныбыз кандай керемет экенин эсиңизге саласыз.

Ошондой эле ал жакта жашаган жана иштеген адамдар, өзгөчө биздин аялдар мени шыктандырат. Катаал климатка, бийиктикке, алыстыкка карабастан, алар күн сайын өз жерине укмуштуудай берилгендик, туруктуулук жана сүйүү менен эмгектенишет.

Көл-Суу көлүнүн жээгинде өзүнүн боз үйүндө конокторду жан дили менен жана укмуштуудай жылуу маанайда тосуп алган Асел айым менен да кокусунан таанышканыма кубанычтамын.

348