7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Биринчи май райондук сотуна Орозайым Нарматова боюнча өтүнмө түшкөн эмес

2166

Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту социалдык тармактарда тарап жаткан Орозайым Нарматовага карата бөгөт коюу чарасын тандоо тууралуу билдирүү таратты.

Басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, бөгөт коюу чарасын колдонуу жөнүндө өтүнмөнү козгоо тууралуу токтом сотко чейинки өндүрүштүн орду же болбосо шектүүнү, айыпкерди кармоонун орду боюнча материалдарды сотко берген учурдан тартып 2 сааттын ичинде тергөө судьясы тарабынан шектүүнүн, айыпкердин, прокурордун, коргоочунун катышуусу менен каралат.

Кыргыз Республикасынын Жазык процесстик кодексинин 108-беренесинин 1 жана 3-пунктарынын 98, 99-беренелеринде каралган тартипте кармалган шектүү соттук отурумга жеткирилет.

Кошумчалай кетчү нерсе, азыркы убакытка чейин Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотуна О.Нарматовага карата бөгөт коюу чарасын колдонуу тууралуу өтүнмө келип түшкөн эмес. Андыктан, ага карата эч кандай бөгөт коюу чарасы тандалган жок.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

2167