7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Бишкекте 3 кишини бетон аралаштырган мунара басып, көз жумду

193

Аламүдүн районунун Кара-Жыгач айылындагы курулушта 3 адам каза болду. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 22-сентябрь күнү саат 14:10до Аламүдүн РИИБге окуя тууралуу маалымат түшкөн. Окуя болгон жерге ыкчам-тергөө тобу жөнөтүлгөн.

“«НБ» ЖЧКсына тиешелүү жаңы курулуп жаткан имаратка бетон аралаштыргыч мунара орнотулуп жаткан учурда жабдыктар кулап, жумушчулар турган имаратты шилеп кеткени аныкталган. Кырсыктын кесепетинен 3 жаран көз жумду. Алар 1995-жылы туулган механик Н.Б, 1990-жылы туулган Ж.А., 1978-жылы туулган К.Э. чет элдик жаран. Алардын сөөгү урандылардын арасынан чыгарылып, өлүкканага жөнөтүлдү”, — деп берилет маалыматта.

Аталган факты боюнча КРнын Кылмыш-жаза кодексинин «Тоо-кен, курулуш же башка жумуштарда коопсуздук эрежелерин бузуу» беренеси боюнча кылмыш иши козголду.

Иликтөө иштеринин алкагында үч адам кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Учурда тергөө иштери уланууда.

 

194