«Бишкек башкы архитектура» муниципалдык ишканасынын айрым кызматкерлери мыйзамсыз 14 кабаттуу турак үй курууга уруксат беришкени аныкталды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайкы, Архитектура, курулуш жана турак-жай коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин алдындагы Мамлекеттик экспертиза департаментинин айрым кызматкерлери, «Бишкек башкы архитектура» муниципалдык ишканасы жана Мамлекеттик экологиялык-техникалык инспекциянын кызматкерлери кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланышып, «ГГ» курулуш компаниясы менен жең ичинен келишимге барып, долбоордук документтерди мыйзамсыз берүү менен 14 кабаттуу турак үйдүн курулушуна уруксат беришкен.
«Аталган факт боюнча материалдар кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин 320 (кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) жана 329-беренелери (кызматтык жасалмачылык) менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталды», — деп берилет маалыматта.