22-апрелде ТИМдин орун басары А.М.Артыкбаев, Иран Ислам Республикасынын Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Саид Харазини кабыл алды. Бул тууралуу ТИМдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар кыргыз-иран кызматташтыгына байланыштуу суроолордун кеңири чөйрөсүн, анын ичинде пандемиядан кийинки мезгилде транзиттик-транспорттук байланыштарды калыбына келтирүү жана жакын арада эки борбордун ортосунда түз авиакаттамдарды жандандырууну талкуулашты.
“Эки тараптуу мамилелер системасындагы биргелешкен кыргыз-иран Өкмөттөр аралык комиссиясынын ишмердүүлүгүн белгилеп, тараптар кыргыз-иран өкмөттөр аралык макулдашууларын практикалык түрдө ишке ашырууга түрткү берүүчү атайын Биргелешкен комитет түзүү маселесин талкуулашты.Ирандын Элчиси тышкы иштер министринин орун басары А.М.Артыкбаевди кызматка дайындалышы менен куттуктап дипломатиялык ишинде ийгиликтерди каалады”-деп берилет маалыматта.