Бишкек – Кант – Токмок унаа жолун кеңейтүү жана модернизациялоо иштери белгиленген графикке ылайык уланууда. Бул тууралуу Транспорт министрлигинен билдиришти.
Учурда жолду оңдоо алкагында төмөнкү иштер аткарылып жатат:
- Асфальт-бетондун биринчи катмары толугу менен төшөлүп бүттү;
- Электр жана байланыш линияларын коопсуз жерге жылдыруу иштери аяктап, жаңы электр мамычалары жана тосмолордун тирөөчтөрү орнотулууда;
- Жөө жүргүнчүлөр үчүн тротуарларды куруу, суу өткөрүүчү түтүктөрдү жана арыктарды салуу иштери жүрүүдө;
- Чоң Чүй каналы аркылуу өтүүчү көпүрөдө капиталдык жаңылоо иштери аткарылып жатат.
Белгилей кетсек, долбоорго ылайык, Бишкек – Кант – Токмок унаа жолунун 3,85 чакырымдык тилкесин толугу менен пайдаланууга берүү үстүбүздөгү жылдын август айына мерчемделген.
Посмотреть эту публикацию в Instagram



