7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Бишкек — Кашкар багытында учак тесттик учуудан өттү

330

“Кыргызаэронавигация” мамлекеттик ишканасы Air KG авиакомпаниясынын учкучтары менен биргеликте Бишкек — Кашкар багытында тесттик учуу өткөрүштү.

Жарандык авиация агенттигинен маалымдашкандай, бул каттам Кытай менен экинчи эл аралык аба коридорун ачуу пландалып жаткан бөлүгүндө навигациялык каражаттардын камтылышын текшерүү максатында ишке ашырылды.

Эске салсак, Кыргызстандын авиациялык кызматтары Кытайдын Кашкар багытында экинчи эл аралык аба коридорун ачуунун үстүндө иштеп жатат. Бул экономикалык гана пайда алып келбестен, учурдагы Кытай менен болгон жалгыз авиа коридордогу тыгындарды жоюуга жардам берет жана учуунун коопсуздугун камсыз кылат.

 

 

331