7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Абдыкадыров: Массалык түрдө элге кызыл китептерди берүүнү баштагыла

1549

 

Бүгүндөн баштап жер ээлерине кызыл китептерди берүү массалык түрдө ишке ашырылсын. Бул тууралуу мэр Эмилбек Абдыкадыров жыйында билдирди.

Жыйында Эмилбек Абдыкадыров президенттин “Жер-укуктук мамилелерди жөнгө салуу жөнүндө” мыйзамынын негизинде Бишкек шаарынын аймагында буга чейин мыйзамсыз делинип келген, бирок ошол жер тилкесинде жашап жана ээлик кылып жаткан баардык жарандардын жер тилкелерин тезинен мыйзамдаштырылып, алар жер укугуна ээ болуулары керектигин баса белгиледи.

«Бул багыттагы иштер «карап жатабыз» деген куру сөз менен созулуп кетип жатат. Эгер башкы план шылтоо болуп, анда башка жолдорун карай турган болсок анда мунапыстын деле кереги жок эле. Мунапыс, мына ошол элдердин мыйзамдуу жер укугуна ээ болуусу үчүн чыгарылып жатат. Салынган үйлөрдү буза албайбыз. Башкы планга шылтабай, кандай болсо ошондой жолу менен карап туруп, элдерди кыйнабай маселени чечип, кызыл китептерин берип, анан башкы планды бир жылбы, эки жылбы жасай берсек болбойбу?» — деди ал.

Мыйзамсыз делинген жерлерди мыйзамдаштыруу боюнча чыгарылган мунапыстын аткарылышы кечеңдеп жатканына кайдыгер мамилени токтотууну, жоокерчилик алуудан коркпой, бирдей чечимге келип мыйзамдын аткарылышын тездетүү керектиги сөз болду. “Жоопкерчилик алуудан коркуп жатсаңар, анда жоопкерчилик ала турган жетекчилерди табабыз. Ушул күндөн баштап массалык түрдө элдерге кызыл китептерин берүүнү баштагыла” –деди мэр.

Жыйын соңунда төмөндөгүдөй чечимдер кабыл алынды.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

1550