Бишкектин мэри Айбек Джунушалиев сел коркунучу бар аймактарды текшерди. Бул тууралуу мэриядан билдирди.
Аламүдүн, Ала-Арча дарыяларынын жана Чоң Чүй каналынын айрым участоктору текшерилди. Бул жерлердеги көпүрөлөрдүн өткөрүү мүмкүнчүлүгү чектелүү болгондуктан, эгер суунун көлөмү көбөйсө, жакын жайгашкан аймактардын суу астында калуу коркунучу бар экени айтылды.
Айбек Джунушалиев тиешелүү кызматтарга каналдардын өткөрүү мүмкүнчүлүгүн жогорулатып, топтолгон таштандыларды тазалоо жана жээктерди бекемдөө боюнча чараларды көрүүнү тапшырды.
Коммуналдык кызматтарга дарыялардын агымын дарактардан жана бадалдардан тазалоо тапшырылды.