7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Бишкек мэриясы абанын булганышынан кантип арылуу боюнча пландары менен бөлүштү

369

Борбор калаанын мэри Эмилбек Абдыкадыровдун төрагалыгы астында шаардык муниципалитетте абанын булганышы боюнча атайын ведомстволор аралык комиссиянын кезектеги жыйыны болуп өттү. Ага борбор калаанын мэриясынын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн өкүлдөрү жана министрликтер менен ведомстволордун өкүлдөрү катышып, иш-чаралардын кыска жана орто мөөнөттүү, ошондой эле узак мөөнөттүү планы талкууланды.

Белгилей кетсек, кыска жана орто мөөнөттүү иш-чаралар 2023-жылдан 2025-жылга чейин аткарыла турган иштер, ал эми узак мөөнөттүү иш чаралар 2025-2050- жылдары ишке ашырыла турган пландар болуп саналат.

Кыска мөөнөттүү иш-чаралардын сап башында Бишкек шаарынын турак жай конуштарын газдаштыруу турат. Тактап айтканда 2023-жылы 5 конушту газдаштыруу пландалууда.

Экинчи орунда муниципалдык баардык көмүр отканаларды газга жана башка альтернативдүү жылуулук булагына өткөрүү зарылдыгы белгиленди.

Ошондой эле келээрки жылы өтүүчү от жагуу мезгилинде Бишкек шаарында “Кара-Кече” көмүрүн жагууга чектөө киргизип Казакстандын жогору калориялык көмүрүн киргизүү маселеси талкууланды. Мындан тышкары жаңы конуштарда 12 муниципалдык мончолорду куруу зарыл.

Таштандыларды кайра иштетүүчү заводду куруу.

Азыркы учурда экологиялык транспортко болгон жалпы муктаждык 1500 бирдикти түзөт. Мындан тышкары коомдук транспорт жана такси кызматы үчүн бөлүнгөн жол тилкесин түзүү жана 500 бирдик экологиялык коомдук транспортун киргизүү маселеси көтөрүлдү.

Ички иштер министрлиги менен биргеликте Бишкек шаарынын кире беришинде шаарга кирген автомашиналарын каттоо видеокамераларын орнотуу, техникалык абалын белгилөчү системасын өздөштүрүү, унаалардын экологиялык нормаларга шайкештигин текшерүү сунушу каралды.

Мындан тышкары бир түстөгү 500 даана электр таксилерди сатып алуу боюнча инвестициялык долбоорду ишке ашыруу каралууда. Жыйында каралган маселелердин бири Бишкек шаарын жашылдандыруу боюнча сейил бактардын жана гүл бакчалардын аймактарын көбөйтүп, сейил бактардын аянтын 21.6 гектарга чейин кеңейтип, бак-дарактарды отургузуу жолу менен “Жашыл коридорлорду” куруу долбоорун жүзөгө ашыруу. Бишкек шаарынын Башкы планын иштеп чыгуу, борбордун аймагын Чүй облусунун эсебинен кеңейтүү сунушу киргизилди. Айтылган сунуштардын арасында орто мөөнөттүү иш-чаралар планы, башкача айтканда 2025-жылга чейин Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги менен биргеликте 1000 бирдик экологиялык коомдук транспорт алуу маселеси көтөрүлгөн. Ошондой эле кошумча каражат маселесин караштыруу менен жөө жүрүүчүлөр жана вело жол – инфраструктурасын өнүктүрүү (Ала-Арча, Аламүдүн, ЧЧКнын сууларынын жээк линияларын өнүктүрүү) каралууда.

Жыйында узак мөөнөттүү чаралар арасында темир жолду шаардын сыртына чыгаруу, көп кабаттуу үйлөрдү курууну жөнгө салуу, жол тыгындарын азайтуу максатында жол-транспорттук түйүндөрдү кароо, жолдорду кеңейтүү жана ачуу маселелери сунушталды. Мындан тышкары Бишкек шаарынын борбордук бөлүгүндө, башкача айтканда эл жана транспорт көп топтолуучу жерлер жайгашкан базарларды, автобекеттерди жана калкты тейлөөчү мекемелерди шаардын чет жагына көчүрүү сунушу берилди.

Узак мөөнөттүү чараларга Кыргызстандын Энергетика министрлиги тарабынан ЖЭБ-2ни калыбына келтирүү зарылдыгы белгиленди.

Кыргызстандын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги тарабынан жогоруда көрсөтүлгөн долборлорду ашыруу максатында дуйнөлүк жашыл экономикага, экологияга жана климаттык өзгөрүүгө багытталган каражаттарды тартууснун негизинде долбоорлорду ишке ашыруу зарылдыгы айтылды.

Аталган сунуштарды калаа башчысы Министрлер кабинетинин төрагасына айтып берип, өз кезегинде Акылбек Жапаров кошумча сунуштары менен бөлүштү.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

370