Бишкек шаарынын мэриясына караштуу “Бишкек автотранспорт муниципалдык ишканасында” текшерүү жүргүзүлүп, анда 154 млн. 827,3 миң сомго ашыра баалоо менен жүргүнчүлөрдү ташуучу автобустарды сатып алуу боюнча келишим түзүлгөндүгү аныкталды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.
Маалыматка ылайык, “БАМИ” МИнын жооптуу кызмат адамдары өздөрүнүн кызмат абалын кызматтын кызыкчылыктарына каршы пайдаланышып, башка жөнөтүүчүлөрдүн катышуусун атайылап чектеп, мыйзамда белгиленген конкурстук тооруктарды өткөрбөстөн жана буга чейин өткөрүлгөн конкурстардын жыйынтыктарын эске албастан, 2022-жылдын 15-августунда «ZHONGTONG BUS HOLDING CO LTD» компаниясы менен 1 даанасы 91 000 АКШ доллары, жалпы суммасы 10 920 000 АКШ доллары болгон 120 даана чоң сыйымдуулуктагы жүргүнчүлөрдү ташуучу автобустарды алып келүү боюнча мыйзамсыз келишим түзүшкөн.
«Мындан тышкары, конкурстук документациянын талаптарын бузуу менен, келишимдин шарттарында бажылык жол-жоболоштуруу жыйымдарын жана ар кандай салыктарды сатып алуучу төлөп, автобустарды жеткирүү Кыргызстандын чек арасына чейин гана жүргүзүлөөрү мыйзамсыз белгиленген. Натыйжада, бажы алымдарын жана жыйымдарын, ошондой эле импорт салыгын кошкондо, 1 автобустун накталай баасы 112 339,5 АКШ долларын түзүп, SH.S.S.V. CO LTD компаниясы (экинчи конкурстун катышуучусунун эң арзан баасы) сунуштаган баадан 15 889,5 АКШ долларына, ал эми жалпысынан келишимдин баасы 1 906 740 АКШ долларына же 154 млн. 827,3 миң сомго жогору түзүлгөн. Ошондой эле, «Бухгалтердик эсеп жөнүндө» КРнын Мыйзамынын жана конкурстук документациянын талаптарын бузуу менен, ишкананын башкы бухгалтери жана башка жооптуу адамдары менен макулдашпастан туруп, жөнөтүүчү тарабынан банктык кепилдикти албастан, муниципалдык ишкананын жетекчиси Б.Т. жеке өзү мыйзамсыз түрдө «ZH.B.H. CO LTD» компаниясына келишимдик баанын 10% же болбосо 1 092 000 АКШ доллары өлчөмүндөгү бюджеттик каражаттарды алдын ала которуп жиберген»,-деп берилет маалыматта.
Текшерүүнүн жыйынтыгы менен, Бишкек шаардык прокуратурасы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси (“Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу) жана 339-беренеси (“Атайылап пайдасыз келишим түзүү”) менен кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары башталды.