7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Бишкек мэриясынын билим берүү департаментинде коррупциялык схема аныкталды

212

Мамлекеттик сатып алуулардагы коррупциялык фактылар боюнча кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдирди.

Бишкек шаардык прокуратурасы тарабынан мамлекеттик сатып алуулардагы коррупциялык байланыштар аныкталган.

Тагыраагы, Бишкек шаардык мэриясынын билим берүү департаментинин мамлекеттик сатып алуулар боюнча башкы адиси У.А. курсташы «А.» ЖЧКсынын директору М.А. менен туруктуу коррупциялык схема түзгөн. 2023-2024-жылдары «А.» ЖЧКсы 73 сатып алуунун ичинен 35 тендерде жеңүүчү болуп табылып, келишим түзүлгөн. Атаандаштыкты жасалма түрдө камсыздоо максатында бардык тендерлерге формалдуу түрдө «А.» ЖЧКсынын директорунун келини Ж. аттуу жеке ишкер катышып келгендиги, бирок ал 2023-жылы салык каттоосун жоюу боюнча арыз бергендиги такталган.

Мындан тышкары, «А.» ЖЧКсы түзгөн эки келишимде баалар 246,4 миң сомго жогорулатылганы, ошондой эле «А. » ЖЧКсы тарабынан жалпы 1,5 млн сомдук салык төлөнбөгөнү аныкталган.

Бул фактылар боюнча Бишкек шаарынын мэриясынын Билим берүү департаментинин кызматкерлерине карата Кылмыш-жаза кодексинин «Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу» беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, учурда тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

213