7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Март 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
31  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Бишкек – Москва жүргүнчү поезди кайрадан каттай баштады

228

18-декабрдан тарта Бишкек – Москва багыты боюнча жүргүнчү поезди кайрадан каттай баштады. Поезд мурда Москвадагы Казан вокзалына жетсе, эми Павелецкий вокзалына 3 күндүк жол жүрүү менен барат.

Билеттин баштапкы баасы 11 000 сомдон башталат. Каттамда 35 пайыздан 5 пайызга чейин арзандатуулар каралган. Бул арзандатуулар төмөнкү шарттарга жараша өзгөрөт:

  • вагондун категориясы;
  • билеттин сатып алуу мөөнөтү (поезд жөнөгөнгө чейин канчалык эрте сатып алынганына байланыштуу);
  • сапардын алыстыгы.

Каттамдын графиги:

  • Бишкектен чыгуучу поезд: шаршемби жана ишемби күндөрү, Москвага келүү: ишемби жана шейшемби күндөрү.
  • Москвадан чыгуучу поезд: жекшемби жана шаршемби күндөрү, Бишкекке келүү: шаршемби жана ишемби күндөрү.

Каттамда жалпысынан 7 вагон бар, анын ичинде:

  • 2 купелик вагон
  • 5 плацкарттык вагон

Билеттерди Бишкек-2, Беловодский, Кара-Балта, Кайыңды, Мерке, Ош жана Жалал-Абад бекеттеринин кассасынан алсаңыз болот.

229