7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Бишкек-Нарын-Бишкек аба каттамынын баасы 1000 сомду түздү.

426

Бишкек-Нарын-Бишкек аба каттамынын баасы 1000 сомду түздү. Бул тууралуу “Кыргызстандын аэропорттору” ААКсы жана “Асман Эйрлайнс” авиакомпаниясы Бишкек – Нарын – Бишкек ички каттамында атайын жарнамалык акциянын башталганын жарыялады.

Маалыматка ылайык, 2026-жылдын 1-майынан 31-июлга чейин бир тараптуу каттамдын баасы 1000 сом деп белгиленген.

Бул демилге аймактык байланышты өнүктүрүүгө, ички туризмди колдоого жана өлкөнүн алыскы аймактарында транспорттун жеткиликтүүлүгүн жакшыртууга багытталган.

“Бишкек-Нарын багыты боюнча туруктуу тарифтин ишке кириши аймактык авиацияны өнүктүрүү жана ички туризмди колдоо багытында жасалган кадам болуп саналат. Нарын уникалдуу жаратылыш потенциалына ээ жана биз мындай демилгелер жарандарды аймакка тартууга жакшы мүмкүндүк берет деп ишенебиз”, — деп белгиледи “Кыргызстан аэропорттору” ААКсы башкармалыгынын төрагасы Манасбек Самидинов.

427