Нарында жол кырсыгы катталып, 4 адам жаракат алды. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, кечээ, 2-декабрда саат 21:08 чамасында Кочкор районунда жол кырсыгы болуп, Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун 216-чакырымында “КамАЗ” оор жүк ташуучу унаасы жана Toyota Nadiа унаалары кагышкан.
Кырсыктын кесепетинен төрт адам жаракат алган.
Жерине 4 куткаруучу тартылып, жабыркаган жарандарды тез жардам кызматына өткөрүп беришкен.