Бишкек – Ош унаа жолу унаалардын өтүүсү үчүн эки тараптуу ачылды. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришти.
«Унаалардын өтүүсүнө бардык чектөөлөр алынды. Бирок, учурда Төө-Ашуу ашуусунда кар күрткүсү жүрүп жатат. Жол куруучулар кар күрткүлөрүн тазалоо жана жолго инерттик материалдарды чачуу иштерин жүргүзүүдө» — деп берилет маалыматта.
Кечээ, 17-апрелде аба ырайынын шарттарына байланыштуу Бишкек – Ош жолу баардык унаалар үчүн убактылуу жабылган.