Бишкек-Ош унаа жолунун 219-чакырымында ун жүктөп бара жаткан «Volvo» үлгүсүндөгү жүк ташуучу унаан күйүп кетти. Бул тууралуу ӨКМнин басма сөз кызматы маалымдады.
Учурда өрттүн себеби такталууда. Азыркы учурда өрттү толук өчүрүү иш-чаралары жүрүп жатат.
Белгилей кетсек, Кыргызстанда бир сутканын ичинде 11 өрт кырсыгы катталып, аларды өчүрүүгө 12 бөлүм тартылган.