7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Бишкек-Ош унаа жолундагы кырсыктан 42 жаштагы аял каза болду

719

Бишкек-Ош унаа жолунда эки унаа кагышып, кырсыктын кесепетинен 1 адам каза болду. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, бүгүн, 9-май күнү болжол менен саат 13:15 чамасында Жайыл РИИБнүн нөөмөт бөлүмүнө Бишкек-Ош унаа жолунан жол унаа кырсыгы болгондугу тууралуу маалымат түшкөн.

Анда «Бишкек-Ош» унаа жолунун 197-чакырымында Алай районунун тургуну 1983-жылы туулган О.Т. “Хонда-Степвагон” (оң рулду) үлгүсүндөгү унаасы менен түндүктөн түштүккө көздөй бара жатып рулга ээ боло албай, карама-каршы тилкеге чыгып түштүктөн түндүкө келе жаткан Бишкек шаарынын жашоочусу 1981-жылы туулган А.С. башкаруусундагы «Хундай-Гетц” үлгүсүндөгү унаасы менен сүзүшкөн.

Жол кырсыгынан “Хундай-Гетц” унаасынын жүргүнчүсү 1980-жылы туулган аял киши алган жаракаттарынан улам каза болуп, 2 жаш өспүрүм, Жайыл районунун Сусамыр өрөөнүндөгү жайгашкан медициналык-санитардык жардам берүү бөлүмүнө кайрылган.

Айдоочулар Токтогул районун аймактык ооруканасына ар кандай жаракаттар менен жеткирилген.

«Бүгүнкү күндө оң рулдуу унаанын катышуусу менен болгон жол кырсыгынан 1 адам көз жумуп, ал эми 4 адам ар кандай жаракаттар менен аймактык ооруканаларга кайрылышкан.

Чүй облусунун жол кыймылынын коопсуздугунун камсыздоо башкармалыгы тургундардан жана коноктордон, алыскы жолго жыккан айдоочулардан өзгөчө (оң рулду) унаалардын айдоочуларынан жол эрежесин так сактоо менен ылдамдыкты сактоо менен айдооңуздарды суранат»,-деп берилет билдирүүдө.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

720